Жаңылыктар

Тамак-аштар

2024-12-09 15:33
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынганынын 35 жылдыгына карата Билим берүү жана илим министрлиги 10-сентябрдан тарта үч айга созула турган майрамдык иш-чаранын башталганын билдирди.
Бул иш-чаранын алкагында 3А классында “Тамак-аш” – “Тамак-аштар” темасында кыргыз тили мугалими Табалдиева Нургүл Өмүрбековна тарабынан ачык сабак өттү. Балдар ар кандай тапшырмаларды аткарууга активдүү катышып, суроолорго жооп берип, өз алдынча иштерди аткарып, сабактын аягында кыргыз ашканасынын салттуу тамагы болгон боорсок менен сыйланды.